Кыргызстандык футболчу Азамат Байматов Бахрейндин клубу үчүн ойнойт

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын курама командасынын оюнчусу Азамат Байматов Бахрейндин "Ситра" клубу үчүн ойнойт.
Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Азамат Байматов Бахрейндин Ситра клубу үчүн ойнойт. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байматов клубдан расмий сунуш Иордания менен болгон оюндан кийин түшкөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Азамат Байматов Бахрейндин "Ситра" клубу үчүн ойной турган Футбол федерациясы билдирди.

Буга чейин футболчу "Дордойдун" таламын талашып келген. Бахрейндик клуб менен макулдашуу бир сезонго түзүлүп, мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Байматовдун айтымында, бир жыл ичинде түрдүү клубдардан түшкөн сунуштар арбын эле болгон.

"Дордойду" таштап кетүүгө анчейин умтулган жокмун. Конкреттүү максаттар бар болчу. Иордания менен болгон беттешүүгө чейин эле "Ситра" клубунун башкы машыктыруучусу мени байкап жүрдү. Оюндан кийин расмий сунуш менен кайрылды", — деди ал.

Байматов аны жаңы кесиптештери жылуу маанай менен кабыл алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0