Футбол боюнча машыктыруучу: алгачкы жарым саатта оюндун нугун таппай жаттык

© Sputnik / Табылды КадырбековӨспүрүмдөр командасынын башкы машыктыруучусу. Архив
Өспүрүмдөр командасынын башкы машыктыруучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасынын оюнун баары азыр кийинки беттешүүдө экенин башкы машыктыруучу билдирди.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Алгачкы жарым саатта кыргызстандык футболчулар оюндун нугун таппай кыйналганын команданын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев шаршемби күнү өткөн матч тууралуу айтып жатып билдирди.

Кыргызстан менен Оман курама командаларынын Азия чемпионатынын тандоо турунун алкагында өткөн беттешүүсү Бишкектин борбордук стадионунда өттү. Оюн 0:2 эсебинде омандыктардын жеңиши менен аяктады.

Футбол федерациясынан кабарлашкандай, Сүймалиев күйөрмандарга ыраазычылык билдирди.

"Ойдун баары азыр эмки оюнга багытталды. Өткөн матч боюнча айтсам, алгачкы жарым саатта оюндун нугун таппай жаттык. Бул убакыт атаандаштар үчүн жетиштүү болду. Басым, жоопкерчиликти да жон терибиз менен сезип жаттык. Бирок, албетте, бул утулуп калуубузду актабайт", — деди машыктыруучу.

Кийинки оюнду Кыргызстандын командасы иорданиялыктар менен беттешет. Матч 18-сентябрда саат 20.00дө башталат.

Чемпионаттын квалификациялык беттешине өспүрүмдөрдүн 45 командасы катышат. Финалдык оюн 2016-жылы Индияда өтүп, упайлары боюнча мыкты көрсөткүчкө жеткен 11 топ жана төрт команда жеңүүчү болуп табылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0