Кыргызстандык өспүрүмдөр футбол таймашында омандык атаандаштарына алдырып койду

Жазылуу
Кыргызстан биринчи оюндан кийин бир да упайга ээ болгон жок. Биздин футболчу өспүрүмдөрдүн кезектеги беттешүүсү эми Непалдын командасы менен болот.

БИШКЕК, 16-сен — Sputnik. Кыргызстандык өспүрүмдөрдүн футбол боюнча курама командасы омандык атаандаштарына жеңилип калды.

Бишкектеги борбордук стадиондо Кыргызстан менен Омандын футбол командаларынын ортосунда Азия чемпионатына (U-16) тандоо боюнча беттеш өттү. Кыргызстан бул оюнда Непал, Иордания жана Оман менен бир топко кирген.

Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек үч өлкөнүн футбол боюнча өспүрүмдөр командасын тосуп алат
Кыргызстан курама командасы Оманга 0:2 эсебинде жеңилди. Голду атаандаштар биринчи таймда эле топтоп койду. 

Ошентип, биринчи турдагы беттештерден кийин Непал менен Омандын командалары үч упайдан топтоду, ал эми Кыргызстан менен Иордания куру жалак калды. 

18-сентябрда беттешүүнүн экинчи туру өтүп, Иордания Оманга, ал эми Кыргызстан Непалга каршы ойнойт. 

Чемпионаттын квалификациялык беттешине өспүрүмдөрдүн 45 командасы катышат. Финалдык оюн 2016-жылы Индияда өтүп, упайлары боюнча мыкты көрсөткүчкө жеткен 11 топ жана төрт команда жеңүүчү болуп табылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0