18:00 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы төрт оюндун жыйынтыгы менен төрт упайга ээ. Октябрь айында кыргызстандык футболчулар өз талаасында Тажикстан менен Бангладештин командаларын кабыл алат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы "В" тайпасында экинчи орунга чыгышы ыктымал экендигин Австралиянын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Ангелос Пастекоглу билдирди.

Мындай пикирин машыктыруучу Душанбеде өткөн Тажикстан менен Австралиянын беттешүүсүнөн кийин айткан.

Пастекоглунун айтымында, австралиялыктар эми Иорданиянын командасы менен ат салышат.

"Биз албетте, биринчи орунду камсыздоо үчүн утканга аракет кылабыз. Кыргызстандыктар бизден утулуп калганы менен мыкты оюн көрсөтүштү. Эгер кыргыз футболчулары кийинки оюнда жеңишке жетишсе, тайпада экинчи орунга жетиши мүмкүн", — деди ал.

Төрт турдун жыйынтыгы менен Австралия тогуз упай менен ишенимдүү алдыда келе жатат. Экинчи орунда жети упай менен Иордания турат. Кыргызстан төрт упай топтоп үчүнчү орунда жайгашса, Тажикстан бир упайга ээ болгон. Бангладештин оюнчулары азырынча упай ала элек.

Октябрь айында кыргызстандык футболчулар өз талаасында Тажикстан менен Бангладештин командаларын кабыл алышат. Оюндар Бишкектин борбордук стадионунда өтөт. Ал эми 12-ноябрда Австралиянын Канберре шаарында жергиликтүү футбол командасы менен беттешери күтүлүүдө.

Тема боюнча

Австралиянын ЖМКлары КРдин футбол боюнча курама командасын олуттуу атаандаш деп атады
Бишкектин стадионуна "коенектерге" каршы тосмолор орнотулууда
Белгилер:
Кыргызстан, футбол, стадион, упай, курама команда

ЭҢ МААНИЛҮҮ