Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага лицензия ута албай калды

Жазылуу
Кыргызстандык балбан Тыныбекова чечүүчү беттеште швециялык спортчуга утулуп калды.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн мелдеште кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага лицензия ута албай калды. Бул тууралуу кыргызстандык делегациянын өкүлдөрү билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат мезгилинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Арсен Эралиев Олимпиада оюндарына катышууга укук алды
Лас-Вегас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн лицензиялуу дүйнөлүк чемпионат 7-сентябрдан 12-сентябрга чейин өтөт. Ошондой эле, эркин күрөш боюнча айымдар арасындагы дүйнө чемпиону да аныкталат. Бул чемпионатка жалпысынан 71 мамлекеттен келген күрөшчүлөр катышууда.

Тыныбекова биринчи беттеште финляндиялык Петра Олли менен чыгып, утулуп калган. Андан кийин Тыныбекова сооротуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган кыргызстандык күрөшчү кыз канадалык Кристина Фаззарини жеңип, лицензия алууга жана мелдештин күмүш медалы үчүн болгон беттеште швециялык Маллин Матсонго утулуп калды.

"Ошентип ал лицензияга жана коло медалга болгон мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Бирок анын Рио-де-Жанейродо өтчү Олимпиадага жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар", — дейт кыргызстандык делегациянын өкүлү.

Ушул эле чемпионатта Арсен Эралиев бешинчи орунду ээлеп, олимпиадага катышуу үчүн лицензия утуп алган. Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп жөө күлүк Юлия Андреева лицензияга ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0