Балбан Арсен Эралиев Олимпиада оюндарына катышууга укук алды

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча чемпионат мезгилинде. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат мезгилинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эралиев Олимпиадага лицензия утуп алган экинчи спортчу. Биринчисине жеңил атлетика боюнча чебер Юлия Андреева ээ болгон.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Лас-Вегастагы жеңиш — Арсен Эралиев атаандашын ары-бери көтөрүп чаап, айласын кетирди
Спортчу Лас-Вегаста өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча лицензиялык дүйнө чемпионатында бешинчи орунга татыды. Мындан тышкары, бул жерде эркин жана айымдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондору аныкталат.

Арсен Эралиев 59 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышты. Биринчи беттешүүдө ал Гватемаланын өкүлү Абнер Васкезди 10:1 эсеби менен утуп алды. Экинчисинде эквадордук Андрес Арройо менен таймашта жеңишке жетишти. 

Жарым чейрек финалда кыргызстандык балбан 8:0 эсеби менен Венгриянын спортчусу Мате Красзнайды утуп, финал үчүн болгон күрөштө азербайжандык Ровшан Байрамовдон утулуп калды. Коло медаль үчүн болгон беттеште Эралиев 0:8 эсеби менен Түндүк Кореядан келген Вол Чоль Юндан жеңилди. 

Жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен кыргызстандык балбан Эралиев 2016-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга укук алды. Ал Олимпиадага лицензия утуп алган экинчи спортчу. Биринчисине жеңил атлетика боюнча чебер Юлия Андреева ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0