Кыргызстандын курама командасы Казакстанга утулуп калды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчулар даярданууда. Архив
Футболчулар даярданууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак клубу менен болгон оюн 2018-жылы боло турган Дүйнөлүк чемпионаттын октябрдагы тандоо туруна даярдык катары өткөрүлгөн. Павлодарда болгон беттеште Кыргызстандын курама командасынын негизги оюнчулары катышкан эмес.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Павлодардын "Иртыш" клубу менен болгон жолдоштук беттеште утулуп калганын КР Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстан менен Иордания командалары тең чыкты
Матч 7-сентябрда Павлодарда өткөн. КР курама командасы Иорданияда болгон беттештен жакында эле кайтып келген болчу. Федерациядан билдишкендей, курама команда келери менен эле Казакстанга кеткен. Аталган команда Казакстандын беш жолку чемпиону жана өлкө кубогун жеңген.

КР курама командасынын алдыңкы оюнчулары өз клубдарына кеткен. Алар Кайрат Жыргалбек уулу, Дэвид Тетте (экөө тең "Дордойдун" оюнчусу) жана Турсунали Рустамов ("Алга").

Казак клубу менен болгон оюн 2018-жылы боло турган Дүйнөлүк чемпионаттын октябрдагы тандоо туруна даярдык катары өткөрүлгөн. Павлодарда болгон беттеште Кыргызстандын курама командасынын негизги оюнчулары катышкан эмес.

Игроки сборного Кыргызстана по футболу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Бахрейндин клубун жеңип алды
Беттеш учурунда казакстандыктар айып тобун киргизе албай калды, бирок 15-мүнөттө Эвандро Ронкатто кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизген. Дагы беш мүнөттөн кийин кыргызстандык оюнчулар ката кетирип, бул катасы гол менен жыйынтыкталды. Оюндун жүрүшүндө кыргызстандыктар бир нече гол киргизгенге мүмкүнчүлүк алышкан, бирок аларды колдоно алган жок. Ошентип, оюн 2:0 эсебинде казакстандык клубдун пайдасына аяктады.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы сентябрь айынын аягында Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларына даярдыктарды баштайт. Алар 8-октябрда жана 13-октябрда Тажикстандын, Бангладештин курама командалары менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0