Кыргызстан — Иордания беттешүүсү башка шаарга которулду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иорданиянын футбол федерациясы оюнду Ирбиддеги стадиондо өткөрүү чечими түшүнүксүз. Эмне себептен оюн талаасы акырына чейин аныкталбай жатканы да кызык

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Оюндун комиссары Омид Жамаили Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы беттешти башка шаарга которгонун футбол федерациясы билдирди.

Буга чейин дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы Кыргызстан менен Иорданиянын беттешүүсү бейшемби күнү Ирбид шаарынын стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10.00дө  өтөрү маалымдалган. 

© пресс-служба ФФКРИрбиддеги стадиондун абалы.
1/2
Ирбиддеги стадиондун абалы.
© пресс-служба ФФКРБеттешүү Иорданиянын борбору Амман шаарына которулду
2/2
Беттешүү Иорданиянын борбору Амман шаарына которулду
1/2
Ирбиддеги стадиондун абалы.
2/2
Беттешүү Иорданиянын борбору Амман шаарына которулду

Ирандан келген комиссар Омид Жамаили оюн талаасынын абалы начардыгынан улам беттешүүнү Иорданиянын борбору Амман шаарына которгонун федерация билдирди.

"Иорданиянын футбол федерациясы оюнду Ирбиддеги стадиондо өткөрүү чечими түшүнүксүз. Эмне себептен оюн талаасы акырына чейин аныкталбай жатканы да кызык", — деп белгилешти федерациядан.

Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы оюн  Аммандын 25 миң адам бата турган борбордук стадионунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0