Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы оюн талаасына кызыл кийимчен чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековСборная Кыргызстана по футболу. Архивное фото
Сборная Кыргызстана по футболу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо турунун алкагындагы беттешүү бейшемби күнү Ирбид шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22.00дө өтөт.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иорданияга каршы оюнга кызыл кийимчен чыга турганын Футбол федерациясы билдирди.

Тандоо турунун алкагындагы беттешүү бейшемби күнү Ирбид шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22.00дө өтөт.

Оюнle уюштуруу маселелерин талкуулоонун натыйжасында оюн талаасына кыргызстандык футболчулар кызыл, ал эми Иорданиянын командасы ак кийимчен чыгары белгилүү болгон. Оюнду малайзиялык Мохд Бин Якоб тескейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0