Таластын көк бөрүчүлөрү президенттин Кубогун жеңип алышты

Жазылуу
Таластык команда аталган кубокту 2014-жылы да багындырган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. "Ак-Кула" ат майданында көк-бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн мелдештин жеңүүчүсү аныкталганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: Казакстан быйыл бизден аттап, көк бөрүнү ЮНЕСКОго каттата албайт, бирок…
Салтка айланган бул турнир жыл сайын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналып өткөрүлөт. Мелдештин финалдык беттешүүсү Бишкекте 31-август күнү өттү.

Баш байгеге былтыркыдай эле Талас шаарынын "Талас" командасы ээ болду. Финалдык беттеште аталган топ Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын 4:1 эсебинде жеңип алды. Үчүнчү орун үчүн "Достук" жана "ИИМ" командалары ат салышып, 11:2 эсеби менен "Достуктун" көкбөрүчүлөрү жеңип кетти.

Биринчиликке татыган "Талас" командасы бир миллион сом алды. "Сары-Өзөнгө" 500 миң сом берилди. Үчүнчү орунду ээлеген "Достук" командасына 250 миң сом, ал эми "ИИМ" командасына 100 миң сом ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0