Валентина Шевченко 2015-жылдын мыкты тай боксчусу аталды

© Фото / пресс-служба тайского бокса КРFMA муай тай федерациясы Валентина Шевченкону 2015-жылдын мыкты тайбоксчусу деп аныктады.
FMA муай тай федерациясы Валентина Шевченкону 2015-жылдын мыкты тайбоксчусу деп аныктады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Валентина Шевченко аялдар арасындагы тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко 2015-жылдын мыкты тай боксчусу аталганын федерация билдирди.

Эже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет тастыкташты - Sputnik Кыргызстан
Эже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет ырасташты
Буга чейин эже-сиңди Валентина жана Антонина Шевченколор Таиланддын борбору Бангкокто өткөн тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында алтын жана күмүш байгелерди алышкан.

IFMA муай тай федерациясы Валентина Шевченкону 2015-жылдын мыкты тай боксчусу деп аныктады.

Эркектер арасындагы бул жогорку сыйлык АКШда өткөн Глори турниринин жана IFMAнын бир нече жолку жеңүүчүсү Артем Левинге ыйгарылды.

Эже-сиңди Шевченколор пераун клубу үчүн ойногон кыргызстандык спортчулар. Валентина Шевченко буга чейин аталган спорттун түрү боюнча 17 титулду багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0