Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Бахрейндин клубун жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековИгроки сборного Кыргызстана по футболу. Архивное фото
Игроки сборного Кыргызстана по футболу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өтүп жаткан Ассоциация кубогуна байланыштуу Бахрейндин премьер лигасы менен биринчи лигасынын командалары Кыргызстан менен ойноодон баш тартышкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама камандасы Бахрейндин "Alnajma" клубун жолдоштук беттеште 3:1 эсеби менен утту.

Кыргызстандык команда 23-августтан бери Бахрейнде машыгуудан өтүп жатышат. 1-сентябрь күнү команда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Иорданияда жергиликтүү команда менен ат салышат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары Бахрейнде бир жума болушат
Учурда өтүп жаткан Ассоциация кубогуна байланыштуу Бахрейндин премьер лигасы менен биринчи лигасынын командалары Кыргызстан менен ойноодон баш тартышкан. Андыктан кыргызстандык команда экинчи дивизиондун өкүлдөрү менен жолдоштук оюн көрсөтүшкөн.

Кыргызстандык футболчулардын курамын Павел Матяш (дарбазачы), Виктор Майер, Азамат Байматов (капитан), Дэниел Тэго, Валерий Кичин, Азиз Сыдыков, Эдгар Бернхардт, Павел Сидоренко, Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев жана Виталий Люкс түзөт.

Жолдоштук оюнда топту дарбазага Мирлан Мурзаев, Фархат Мусабеков жана Алмазбек Мирзалиев киргизишкен. Оюн "Alnajma" стадионунда өттү.

Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия командалары бир тайпада ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0