Кимиси мыкты — Месси, Роналду же Суареспи? Кыргызстандыктардын пикири

© кадр с официальной страницы ассоциации УЕФА.УЕФАнын расмий сайтынан тартылган кадр. Архив
УЕФАнын расмий сайтынан тартылган кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты оюнчуну салтка айлангандай УЕФАнын бардык улуттук ассоциацияларынын өкүлдөрү болгон журналисттерден турган калыстар тобу аныктайт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Лионель Месси менен Криштиану Роналдунун кимиси мыкты оюнчу деген суроонун айланасында интернет түйүндөрүндө кадимкидей кызыл чеке болуп талкуунун жүрүшү кадыресе көрүнүш болуп калды. Далил катары күйөрмандар сүйүктүү оюнчу катышкан оюндарды, уткан кубокторун санап, керек болсо кимдин кантип гол киргизгенине чейин сүрөттөп беришет.

Бейшемби күнү Монакодо Кыргызстандын убактысы менен кечки саат 9.45те 2015-2016-жылкы сезонго карата Чемпиондор лигасы чүчү кулак кармайт. Анын алкагында өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталары күтүлүүдө.

Мыкты оюнчу наамына аргентиналык "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси, Мадриддин "Реалынын" чабуулчусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болууда.

Аталган оюнчулар 10 футболчунун ичинен тандалып алынган. Ал эми мыкты оюнчулардын тизмесине алгач 35 оюнчу киргени айтылууда. Мыкты оюнчуну салтка айлангандай УЕФАнын бардык улуттук ассоциацияларынын өкүлдөрү болгон журналисттерден турган калыстар тобу аныктайт.

Командалардын жетишкендиктерине көз жүгүртсөк, Суарес менен Месси "Барса" командасынын курамында Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү, Испаниянын чемпиондору катары таанылып, аталган өлкө падышасынын кубогуна ээ болушкан. Ал эми Роналду өткөн жылдын мыкты европалык оюнчусу деп табылган. Быйыл Роналду курамына кирген "Реал" командасы Чемпиондор Лигасынын жарым финалынан жана Король кубогу үчүн беттештин жарым чейрек финалында оюндан чыгып калган.

Криштиану Роналду экинчи жыл катары менен "Алтын топту" утуп алды
Sputnik агенттигинин кабарчысы наам тапшыруу аземинин алдында аталган футболчулардын кимиси кыргызстандыктардын купулуна толорун жана мыкты оюнчу наамына татыктуу экенин билүү үчүн сурамжылоо уюштурган.

Теңкелбес Мусаев, Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын менеджери:

— Менин баамымда, бул наамга быйыл Лео Месси ээ болот. Ал анын командасы өткөн сезондо үч ирет баш байгени багынтканы үчүн деле татыктуу да. Экинчиден, оюндарда Мессинин салымы ошол эле Суарезске караганда бир топ салмактуу болду. Бирок, чынын айтсам, Месси менен Роналдунун атаандаштыгы тажатып жиберди. Бул таймашта Суарес мыкты деп табылып калса бир кызыкты жаратмак. Тилекке каршы, эки оюнчунун чеберчилиги башка футболчуларга караганда төөлүк өйдө болуп жатат.

Максат Кудайбердиев, "Супер-Инфо" гезитинин спорт кабарчысы:

КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 20 орунга көтөрүлдү
— Мессинин мүмкүнчүлүгү жогору, ошол эле учурда Суарес деле бул наамга татыктуу. Роналду жөнүндө кеп жок. Эгер наам Суарезге ыйгарылса, Месси кышында "Алтын топко" ээ болот. Анткени, ал чечүүчү оюндарда команданын жүзү болуп берген.

Эрнис Осмонбаев, ИИМ маалымат кызматынын ага инспектору:

— Луис Суарес башкаларга караганда бул наамды алууга көбүрөөк укуктуу. Жаракаттарына жана атаандашын тиштеп алганы үчүн оюн талаасына төрт айга чейин чыгуусуна тыюу салынганына карабай бир топ ийгиликтерди жаратты. Анын үстүнө, ал "Барсада" бир жылдан бери эле ойноп жатпайбы.

Игорь Шестаков, саясат таануучу:

— Албетте, Месси! Бирок, менин пикиримде ушу тапта мыкты футболчу катары Барселонанын чабуулчусу Неймарды атаар элем. Бүгүнкү күнү Роналду менен Месси кандайдыр бир деңгээлде рекламалык брендге айланып калды. Ал эми Неймар Пеле сыяктуу чеберчилиги менен дүйнөдө бразилиялык футболчулар мыкты экенин далилдеп жатат.

Акеля Жумалиева, "Абдыш-Ата" клубунун экс-футболчусу:

— Месси! Ал өткөн сезондо командасы менен биргеликте үч кубокту багындырып, "Барсанын" мыкты оюнчусу болуп эсептелет. УЕФАнын супер кубогу үчүн Севилья менен болгон оюнунда эки айып тобун киргизбедиби. Ал эми тизмеге кирбеген футболчулардын ичинен каталониялыктардын жарым коргоочусу Андрес Иньестуну белгилемекмин.

Кубанычбек Табалдиев, "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин директору:

Дриблинг жана сокку — Акеля Жумалиева топ тебүү чеберчилигин көрсөттү
— Айтуу кыйын. Бирок, Месси менен Роналду — Европа футболунун лидерлери экени талашсыз. Аларга тең ата келген оюнчуну мен көрө элекмин.

Акыркы төрт жылдын аралыгында "Мыкты Европа футболчусу" наамына Лионель Месси, "Барса" (2011), Андрес Иньеста, "Барса" (2012), Франк Рибери, "Бавария" (2013) жана Криштиану Роналду, "Реал" (2014) ээ болушкан.

Европанын мыкты футболчу айымы наамына франциялык Амандин Анри жана эки германиялык Женифер Марожан менен Селия Шашич ат салышууда. Айымдар арасындагы жеңүүчү да бейшемби күнү добуш берүү аркылуу аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0