Эже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет ырасташты

© федерация тайского бокса КРЭже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет тастыкташты
Эже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет тастыкташты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык эже-сиңди Шевченколор муай-тай боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын жана күмүш медалга татыды.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Эже-сиңди Валентина жана Антонина Шевченколор тай-боксу боюнча эл аралык "Падыша кубогу" чемпионатында алтын жана күмүш медалды утуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тай бокс боюнча федерациясы билдирди. 

Мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Бул жылы турнирге жүздөгөн мамлекеттен эки жарым миңден ашык спортчу катышкан.

Эже-сиңди Шевченколор Бангкокто өткөн муай-тай боюнча падышалык кубоктун финалына чыкты
Төрт мелдеш өткөргөн Валентина Шевченко Морокко, Израиль, Бельгия жана Белоруссиядан келген спортчуларды жеңип алган. Ошентип ал 60 килограмм салмакка чейинки категория боюнча биринчи болду.

Антонина Шевченко болсо, Мароккодон жана Россиядан келген спортчуларды утуп, бутунан жаракат алгандыктан, финалга катыша албай калган. Ал финалдык беттеште австралиядан келген мушкер менен чыкмак. Антонина 63,5 килограмм салмак категориясы боюнча күмүш байгеге татыды.

Андан сырткары, бул мелдеште беш мушкерден турган Кыргызстандын курама командасы да катышып, тилекке каршы, биринчи айлампада эле оюндан чыгып калган.

"Учурда эже-сиңдилер машыктыруучусу Павел Федотов менен Бангкок шаарынын Пхутек аралына келет. Кыска эс алуудан кийин Кытайда сентябрь айында боло турган К-1 мелдештерине даярдана башташат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эже-сиңди Шевченколор мелдештерге Перу шаарындагы клубдун атынан катышып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0