Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун урматына Бишкекте панкратион боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF2 боюнча чемпионат (панкратион). Архив
WEF2 боюнча чемпионат (панкратион). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байгелүү орунду багынткан спортчулар 1000 доллардан алса, жеңилгендерге 500 доллардан берилет.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Борбор калаада Евразия шериктештигинин кубогу үчүн профессионалдык панкратион боюнча эл аралык турнир өтө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеш Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусуна арналат. 12-августтан тарта Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү болгон.

Турнир Улуттук олимпиада комитетинин колдоосу менен салттуу эмес күрөш жана панкратион боюнча федерациясы жана ИИМдин биргелешкен аракетинин натыйжасында өтөрү маалымдалды.

Федерация президенти Нурлан Мурадиловдун айтымында, мелдеш 29-август күнү Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Ага Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия жана Кыргызстандын балбандары катышат. Бардыгы болуп 14 күрөш жана эки супер күрөш каралган.

"Аталган спорттук иш-чара республиканын телеканалдары жана биринчи жолу Россиянын "Боец" каналы аркылуу көрсөтүлөт. Учурда бир катар башка каналдар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Стадионго 7-8 миң көрүүчүнүн келиши күтүлүүдө, мындан тышкары, 1000дей бала балдар үйүнөн чакырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, турнир демөөрчүлөрдүн жана УОК колдоосу менен өтөт. Жалпы жонунан даярдык иштерине 60-70 миң доллар каржыланары белгилүү болду.

Билет баасы 200 сомдон ашпайт. Байгелүү орунду багынткан спортчулар 1000 доллардан алса, жеңилгендерге 500 доллардан берилет.

Мындай беттешүүлөр эмдиги жылы Казакстан жана Армения мамлекеттеринде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0