Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатына даярданууда

Жазылуу
Жалпысынан бул турнирге 8 мушкер башкы машыктыруучу Адылкан Бекболотовдун жетекчилиги алдында даярданууда.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатына даярданып жатканын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Чемпионат 24-августтан 7-сентябрга чейин Бангкок (Таиланд) шаарында өтөт. 

Бул мелдешке барчулар: Рахманкул Аватов, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков, Акжол Сулайманбек уулу, Эрмек Сакенов, Эркин Болотбек уулу, Азамат Каныбек уулу жана Чынгыз Борбашев. Аларды башкы машыктыруучу Адылкан Бекболотов даярдап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0