"Алга" Азия футбол конфедерациясынын кийинки раундуна чыкпай калышы ыктымал

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын "Алга" футбол командасы. Архив
Бишкек шаарынын Алга футбол командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Бишкектин жана Бангладештин футбол клубдарынын ортосунда чечүүчү матч болот. Азыр командалардын бирден жеңиши бар.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Алга" футбол командасы Азия футбол конфедерациясынын кийинки раундуна чыкпай калышы ыктымал.

Бишкекский футбольный клуб Алга. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Алга" командасы АФКтын тандоо турунун алгачкы беттешин утуп алды
Шейшемби күнү "Алга" командасы Макаонун Casa Benfica командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми бейшемби күнү Макаонун командасы Бангладештин Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы менен ойноп, оюн 4:1 эсебинде Бангладештин пайдасына аяктаган.

Ишемби күнү, 15-августта Бишкектин командасы менен Бангладештин ортосунда чечүүчү оюн болот. Эки команданын тең бирден жеңиши бар. Киргизилген голдордун айырмасынан улам, Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы тең чыгышы мүмкүн. Кийинки оюнга өтүү үчүн "Алга" атаандашын утушу керек.

Эки команданын беттеши ишемби күнү кечки саат 6:00дө Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0