"Алга" командасы АФКтын тандоо турунун алгачкы беттешин утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекский футбольный клуб "Алга". Архивное фото
Бишкекский футбольный клуб Алга. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы Макаонун дарбазасына эки гол киргизип, жеңишти камсыз кылды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкектин "Алга" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо турунун алгачкы беттешин утуп алды.

Алга командасы Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат - Sputnik Кыргызстан
"Алга" командасы Азия футбол конфедерациясынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат
Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо турунун алкагында Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Макао мамлекетинин Casa Benfica командасы менен Бишкектин "Алга" командасы бетешип, кыргызстандыктар 2:0 эсебинде жеңишти камсыз кылышты.

Биринчи голду 30-мүнөттө чабуулчу Иван Филатов киргизсе, экинчи гол оюндун 65-мүнөтүндө Макаонун дарбазасына кайтадан кирди. Аны жарым коргоочу Мирбек Акматалиев киргизди.

Өлкөнүн чемпиону биринчи жолу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо туруна катышууда. Ошондой эле, бангладештин Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы менен Макаонун Casa Benfica командалары да биринчи жолу чыгып отурушат.

"Алга" Макаонун Casa Benfica командасын утуп жатат
Кийинки беттеш Бангладеш менен Макаонун ортосунда 13-августта болсо, 15-августта кыргызстандыктар Бангладештин командасы менен ойнойт.

Бул беттештерден кийин командаларды дагы эки квалификациялык раунддар күтүп турат. Андан кийин жана Азия футбол конфедерациясынын финалы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0