Кыргызстандын жаш футболчулары өзбекстандык курбуларын жеңип алды

© пресс-служба ФФКР Кыргызстандын жаш курама футболчулары. Архив
Кыргызстандын жаш курама футболчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Азирет Момошев, Гүлжигит Алыкулов жана Эмир Шыгайбаев намыска жарады.

БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары өзбекстандык курбуларын жеңип алышты деп билдирди КРдин Футбол федерациясынан. 

Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Азирет Момошев, Гүлжигит Алыкулов жана Эмир Шыгайбаев намыска жарап, эсепти 3:1 деп жыйынтыктады. 

Өспүрүмдөр Кытайдын Вейнянь шаарында Азия чемпионатына даярдык көрүп, машыгуудан өтүп жүрүшөт. Чемпионатта Кыргызстандын курама командасынын атаандаштары Оман, Иордания жана Непалдын жаш футболчулары болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0