Алайда ат оюндарынын фестивалы өтөт

Жазылуу
Фестивалда катышуучулар кыргыздын улак тартыш, кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей оюндары боюнча күч сынашып, эл назарына кол өнөрчүлөрдүн буюмдары тартууланат.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Бүгүн Ош облусунун Чоң-Алай районунда улуттук ат оюндарынын фестивалы өтө турганын Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

Сариев: "Мейкин Азия" Ысык-Көлгө туристтерди тартканга салымын кошот
Маалыматка ылайык, иш-чара Ош шаарынан төрт саат алыстыкта жайгашкан Тулпар-Көлдүн жээгинде өтөт. 

Алай жана Чоң-Алай райондорунда кичи бизнести түзүү боюнча "Бай Алай" программасы уюштуруп жаткан ат оюндарынын фестивалы аймактагы туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Фестивалда катышуучулар кыргыздын улак тартыш, кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей оюндары боюнча күч сынашып, эл назарына кол өнөрчүлөрдүн буюмдары тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0