Футбол боюнча КР командасынын оюнчусу литвалык клубга өттү

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы клубда Козубаев 2015-жылдын 28-ноябрында соңуна чыга турган ушул сезондун аягына чейин ойнойт.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Темирлан Козубаев Литванын "Гранитас" клубуна өткөнүн КРдин Футбол федерациясы билдирет.

Буга чейин оюнчу Бишкектин "Алга" командасында ойноп келген. Козубаевдин айтымында, "Гранитас" командасына машыктыруучусу Гедиминас Юрмалавичустин чакыруусунан кийин кошулууну чечкен.

"Юрмалавичус менен буга чейин да иштешкем. Жаңы команда жакты. Оюнчулар абдан шайыр экен. Жаңы келип кошулганым көп деле билинбей калды", — дейт Козубаев.

Жаңы клубда Козубаев 2015-жылдын 28-ноябрында соңуна чыга турган ушул сезондун аягына чейин ойнойт. Литванын жогорку лигасынын экинчи айлампасы эки оюн менен башталат. "Гранитас" 25-июль күнү "Жальгирис" менен беттешери күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0