Кыргызстандык мушкер Россияда "мыкты" деп табылды

© Жылдыз Жороева Кыргызстандык мушкер Илгиз Матмусаев. Архив
Кыргызстандык мушкер Илгиз Матмусаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илгиз Матмусаев 2015-жылдын сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган бокс боюнча дүйнө чемпионатына катышууга даярдык көрүп жатат.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Илгиз Матмусаев бокс боюнча Россияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы турнирдин жыйынтыгы менен мыкты деп табылганын анын машыктыруучусу Нурланбек Умаров билдирди.

Маалыматка ылайык, Илгиз мындай наамга "Мыкты техникалык-тактикалык даярдык үчүн" татыган.

Бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы үчүнчү ачык турнир Россиянын Тюмень шаарында өткөн.

"Биринчи күнү 15 жаштагы Илгиз Беларуссиялык спортчуну, экинчи күнү россиялык мушкерди жеңди. Үчүнчү жолкусунда Тажикстандан келген боксерду боорго коюп нокаут менен жеңип алды", — дейт Умаров.

Турнирдин жыйнытыгы менен Кыргызстандын курама командасы ар башка салма категориясында биринчи орундарга ээ болгон:

  • Биринчи орун – Илгиз Матмусаев (52 килограмм);
  • Экинчи орун – Нурсултан Жумашев (44 килограмм) жана Азамат Жаныбек уулу (60 килограмм);
  • Үчүнчү орун – Ханбото Жапаров (57 килограмм).

 

Умаровдун айтымында, учурда Илгиз 2015-жылдын сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган бокс боюнча дүйнө чемпионатына катышууга даярдык көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0