Муай тай боюнча КРдин курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

© flickr.com / Delaney TurnerБинттке оролгон колдор. Архив
Бинттке оролгон колдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын атынан Мирбек Качкынбаев, Бекжан Матысаев жана Мирбек Сарткалмаков катышат.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Муай тай боюнча Кыргызстандын курама командасы Тайландда өтүүчү дүйнө кубогуна катыша турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Турнир 13-августта башталып, 23-августка чейин уланат. Кыргызстандын атынан Мирбек Качкынбаев, Бекжан Матысаев жана Мирбек Сарткалмаков катышат. Аларды башкы машыктыруучу Елена Шевченконун жетектеп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0