Жөө күлүк Маслова дүйнөлүк универсиада оюндарында КРге байге алып келди

© AFP / YONHAP Жөө күлүк Маслова дүйнөлүк универсиада оюндарында КРге байге алып келди
Жөө күлүк Маслова дүйнөлүк универсиада оюндарында КРге байге алып келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореяда өтүп жаткан универсиадага Кыргызстандан 22 студент катышып жатат.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Жөө күлүк Дарья Маслова Кыргызстандын курама командасына дүйнөлүк универсиада оюндарында алгачкы медалды (коло) алып келгенин КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Универсиада 3-июлда башталган жана 14-июлда аяктайт.

11-июлда аялдар арасында 5000 метр аралыкка чуркоо болуп, ага Маслова катышкан. Кыргызстандык спортчу бул аралыкты 16 мүнөт 4,9 секундда чуркап өтүп, үчүнчү орунга татыды. 

Кореяда өтүп жаткан универсиадага Кыргызстандан 22 студент катышып жатат. Дзюдочу Бектур Рысмамбетов (66 кг. салмакка чейин) жеке мелдеште беш жолу беттешип, бешинчи орунду алды. Командалык эсепте кыргызстандык дзюдочулар жетинчи орунду ээлешти.

Ошондой эле, кыргызстандык жөө күлүк Ксения Файсканова 1500 метр аралыкка чуркоонун финалдык бөлүгүндө медаль үчүн ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0