Дене тарбия жана спорт агенттигине жаңы жетекчи келди

Жазылуу
Агенттиктин буга чейинки жетекчиси Кыргызстан – Австралия беттешүүсүн уюштуруу боюнча катуу эскертүү алган.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Дене тарбия жана спорт агенттигине жаңы жетекчи дайындалганын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Кыргызстанга келет
Темир Сариевдин буйругуна ылайык, буга чейинки жетекчи Кадырбек Эргешов ээлеген кызматынан алынган.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, жаңы жетекчи болуп Шейшенкул Бакиров дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык спорт комитетин башкарып келген.

Эргешов өкмөттүн жыйынында Кыргызстан – Австралия беттешүүсүн уюштуруу боюнча катуу эскертүү алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0