17:02 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Австралиянын курама командасынын капитаны Мил Единак. Архив

Единак: Кыргызстандын футболчулары менен болгон оюн бизди таң калтырган жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Австралия курама командасынын капитанынын айтымында, Кыргызстандын командасын күйөрмандар сүрөөнгө алгандыктан гана, Бишкектин стадионундагы атмосфера жакшы болду.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Австралиянын курама командасынын капитаны Мил Единак Fox Sports телеканалына берген маегинде КРдин курама командасы менен болгон оюн аларды таң калтырбаганын деле билдирди.

16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары беттешип, оюн 2:1 эсебинде австралиялыктардын жеңиши менен аяктаган. 

Единак журналистин "Кыргызстандын курама командасынын көргөзгөн оюнуна таң калдыңарбы" деген суроосуна "Бул жакка биз оюн көрсөтүү үчүн келгенбиз. Биз үчүн бул таң калычтуу болду деп айта албайм", — деп жооп кайтарды.

Австралиянын курама командасынын капитанынын айтымында, Кыргызстандын командасын күйөрмандар сүрөөнгө алгандыктан гана, Бишкектин стадионундагы атмосфера жакшы болгон.

Ал ошондой эле Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында кийинки оюндар сентябрь айында боло турганын жана курама команданын ага даярданууга убактысы жетиштүү экенин айтты.

"В" тобундагы Кыргызстандын курама командасы үч упай топтоду, Тажикстан менен Бангладеш командаларынын бирдей упайы бар. Ал эми Австралия менен Иордания курама командалары бирден оюн өткөрүп, үчтөн упайга ээ болгон.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылы Россияда өтөт.

Тема боюнча

Сариев Кыргызстан-Австралия оюнунда баш аламандыкка жол берген атка минерлерди жазалайт
Кыргызстандык оюнчулар гол киргизгенден кийин, күйөрман футбол талаасына чуркап чыкты
Белгилер:
Кыргызстандын футбол федерациясы, Мил Единак, Австралия, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ