Кыргызстан – Австралия беттешин көрсөтүү үчүн 68 миң евро төлөнгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан – Австралия оюну. Архив
Кыргызстан – Австралия оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан–Австралия курама командаларынын беттешин Россиянын компаниясы түз эфирде таркаткан.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Россиянын "Панорама" компаниясы Кыргызстан – Австралия курама командаларынын беттешин түз эфирде көрсөткөнү үчүн 68 миң евро алганын КР Футбол федерациясы билдирди.

Чет элдиктер КРда өткөн футбол оюну тууралуу: мыкты күйөрмандар жана сулуу кыздар
16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары беттешип, оюн 2:1 эсебинде австралиялыктардын жеңиши менен аяктаган. 

Аталган компания стадиондогу беттешти түз эфирде чагылдырып, аны КТРК көргөзгөн. Коомдук телерадиокорпорациядан башка, аталган беттештин Австралиянын Fox Sports телеканалы түз эфирде көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0