Бильярд оюнчулары Бишкекте ат салышат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБильярд оюну. Архив
Бильярд оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатка 64 спортчу катышып, мелдеш квалификациялык жана негизги болуп эки баскычта өтөт.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Бильярд оюнчулары Бишкекте ат салыша турганын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошто биринчи ирет өткөрүлгөн бильярд боюнча чемпионатта чоңдор арасында Дастан Лепшаков жеңүүчү болду. - Sputnik Кыргызстан
Лепшаков Кыргызстандын бильярд боюнча чемпиону болду
Маалыматка ылайык, 20-22-июнь күндөрү "Тартуга" бильярд клубунда эркектер арасында "Эркин пирамида" боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Иш-чара Бильярд спорт федерациясынын уюшулган күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Чемпионатка 64 спортчу катыыпт, мелдеш квалификациялык жана негизги болуп эки баскычта өтөт.

Мелдештин негизги максаты бильярд спортун жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Күчтүү спортчулар эл аралык мелдештерге катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0