Премьер-министр Темир Сариев: биздин футболчулар татыктуу оюн көрсөттү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнуна ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнуна ыраазычылык билдирди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын ийгилигин алардын жеңишке каалоосу күч, максаты бийик деп сыпаттады.

БИШКЕК, 17-июнь – Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнуна ыраазычылык билдирип, мелдештин өлкө үчүн мааниси чоң экендигин белгиледи.

Өкмөт башчысы оюндан соң футболчуларга кайрылды.

"Сиздер татыктуу оюн көрсөттүңүздөр. Австралиянын курама командасы Азиянын чемпиону экени баарыбызга маалым. Эң негизгиси, биздин командабыздын жеңишке болгон каалоосу күч, максаты бийик", — деди Темир Сариев.

Кыргызстанды Австралия 1:2 эсебинде жеңип алды
Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча курама командасынын оюнуна күйөрмандык кылды.

Кыргызстандын курама командасы 16-июнда Австралия менен ойноп, жыйынтык 2:1 болуп, тараза ташы австралиялыктарга ооду. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу беттешүү 2018-жылы боло турчу дүйнө чемпионатына тандоо турларынын алкагында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0