Кыргызстан-Австралия оюнуна билеттер жасалмалоодон корголгон

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКыргызстан-Австралия оюнуна билеттер жасалмалоодон корголгон
Кыргызстан-Австралия оюнуна билеттер жасалмалоодон корголгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР футбол федерациясы оюнга билеттер бүгүнтөн баштап сатыкка чыга баштады. Анткени, аларды даярдоого көп убакыт жана чоң эмгек талап кылынат.

БИШКЕК, 11-июнь —Sputnik. Кыргызстан-Австралия оюнуна билеттер жасалмалоодон корголгонун Sputnik агенттигине КР футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев билдирди.

Анын айтымында, 16-июнда боло турган беттешүүгө жасалма билеттер сатыла баштады деген сөздөр чыгып жатат.

Буга чейин билеттер 11-июнда сатыкка чыгарыла деп айтылган. Мусаев билеттерди даярдоо көп убакытты жана чоң эмгекти талап кылгандыктан бүгүнтөн баштап сатыкка коюлганын билдирди.

"Билеттер бардык жасалмалоодон корголгон", — дейт Мусаев.

Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Австралия футбол оюну жаңы прожекторлордун жарыгы алдында өтөт
Австралия курамасынын футболчулары Кыргызстанга келген кезде "Манас" аэропортунда жана алардын жашаган жеринде күнү-түнү көзөмөл уюштурулат. Айрым көчөлөр жабылат.

Июнь айында 2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына карата Азиянын экинчи тандоо туру башталды. Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына болгон сапарын жеңиштен баштады.

КР курамасы В тайпасына кирди. Кыргызстандыктар Австралия, Иордания, Таджикистан жана Бангладеш командалары менен ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0