Кыргызстан – Австралия футбол оюну жаңы прожекторлордун жарыгы алдында өтөт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынын башында жаңы прожекторлор толук кубаттуулукта иштетилип, текшерүүдөн өттү.

БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. Кыргызстан – Австралия футбол командаларынын беттешүүсү жаңы прожекторлордун жарыгы менен өтөт. 

Кыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыкка чыгат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыкка чыгат
2015-жылдын июнь айынан баштап үч жылдан кийин Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына карата Азиянын экинчи тандоо турнири башталат.

КР курамасы В тайпасына кирди. Кыргызстандыктар Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладештин командалары менен ат салышат. Австралия менен алгачкы беттешүү 16-июнда өтөт. Ага чейин футболчулар Бангладеште жергиликтүү команда менен оюн өткөрөт.

Июнь айынын башында Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо түнкү жарык берүүчү жаңы прожекторлор толук кубаттуулукта иштетилип, текшерүүдөн өттү. Төрт мамынын ар бирине 200дөн түнкү лампочка орнотулган. Бул саамалык КР футбол федерациясы менен Катардын футбол ассоциациясынын биргелешкен ишинин жемиши болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0