Кыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыкка чыгат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыкка чыгат
Кыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыкка чыгат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнга билеттерди Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасынан жана анын жанындагы соода түйүндөрүнөн сатып алууга болот. Мындан тышкары, билеттерди футбол федерациясынын дарегине жазылган жамааттык билдирменин негизинде алууга болот.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан – Австралия матчына билеттер 9-июндан тарта сатыла турганын Sputnik агенттигине КР Футбол федерациясынын маркетинг боюнча директору Анна Осмоналиева билдирди. 

2015-жылдын июнь айынан баштап үч жылдан кийин Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына карата Азиянын экинчи тандоо турнири башталат.

Австралия менен боло турган бетешүүдө кыргыз футболчулары сүрөөнгө муктаж
КР курамасы В тайпасына кирди. Кыргызстандыктар Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладештин командалары менен ат салышат. Австралия менен алгачкы беттешүү 16-июнда Бишкекте өтөт. Ага чейин футболчулар Бангладеште жергиликтүү команда менен оюн өткөрөт.

Осмоналиеванын айтымында, саттыкка бардыгы болуп 18 миң 338 билет коюлат. Бир билеттин баасы 150 сомдон 500 сомго чейин болушу күтүлүүдө.

Оюнга билеттерди Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасынан жана анын жанындагы соода түйүндөрүнөн сатып алууга болот. Мындан тышкары, билеттерди футбол федерациясынын дарегине жазылган жамааттык билдирменин негизинде алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0