22:18 18 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Кыргызстандын улуттук курамасынын самбо федерациясы

Самбисттер Франциядан төрт алтын медаль менен кайтышты

пресс-служба федерации самбо КР
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
4310

Мелдешке 11 өлкөдөн 17 команда катышкан. Кыргызстандыктар жалпы жонунан тогуз медаль менен кайтышты.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар 20-30-май күндөрү Францияда самбо боюнча өткөн "Париж-2015" ачык кубогунда тогуз медалга ээ болушту.

Самбо федерациясы аталган мелдешке Кыргызстандын улуттук курамасы биринчи жолу чакырылганын билдирди. Команда курамын спорт самбосу боюнча беш спортчусу түзсө, жоокердик самбо боюнча төртөө күч сынашты.

Мелдешке Литва, Бельгия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, АКШ, Марокко, Болгария, Ирландия, Голландия өлкөлөрүнөн жана Франциянын бир катар клубдарынан 17 команда катышты. 

Ачык кубоктун жыйынтыгы менен биздин команда төрт алтын, төрт күмүш жана бир коло медалга ээ болушкан. Кыргызстандын курамасы жалпы эсеп боюнча Франциядан кийинки экинчи орунду багындырышты. 

Ата мекендик самбисттер Францияда тогуз медалга ээ болушту. Мелдештин жыйынтыгы менен кыргыз командасы төрт алтын, төрт күмүш жана бир коло медалга ээ болушкан.

Тема боюнча

Ардагерлер Masters категориясында сууда сүзүү боюнча чемпионатка катышат
Ордо боюнча турнир Бишкекте өттү
Австралия менен боло турган бетешүүдө кыргыз футболчулары сүрөөнгө муктаж
Белгилер:
ачык кубок, самбо, КР самбо федерациясы, Франция, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ