Ардагерлер Masters категориясында сууда сүзүү боюнча чемпионатка катышат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүСууда сүзүү. Архив
Сууда сүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатка Кыргызстандан 5-6 сууда сүзүүчү катышары күтүлүүдө. Алардын арасында Сергей Криворучко, Артур Нурмухамедов, Ахмед Анарбаев сыяктуу спортчулар бар.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Masters категориясында сууда сүзүү боюнча чемпионатка катышарын Sputnik агенттигине аталган категориядагы сууда сүзүүчү Артур Нурмухамедов билдирди.

Дүйнө чемпионаты FINA Сууда сүзүү дүйнөлүк федерациясынын эгидасы алдында Казань шаарында 4-16-август күндөрү өтөт.

Кожомкул атындагы спорт ордосу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Касенов: Спорт сарайынын бассейнин оңдоого $3,5 миллион көптүк кылат
Мелдеш 25 жаштан 100 жашка чейинки 14 жаш курактык категорияда өтөт. Дүйнө чемпионатына 110 мамлекеттен 5-6 миң спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Жалпы жонунан 635 медалдардын комплекти ойнотулат. Чемпионатты 318 техникалык расмий өкүл, анын ичинен 30 эл аралык, 288 улуттук калыс тейлейт.

Катышуучулар спорттун сууда сүзүү жана секирүү, синхрондуу сүзүү, ачык сууда сүзүү жана ватерпол түрлөрү боюнча күч сынашат.

Чемпионатка Кыргызстандан 5-6 сүзүүчү катышары күтүлүүдө. Алардын арасында Сергей Криворучко, Артур Нурмухамедов, Ахмед Анарбаев сыяктуу спортчулар бар.

Нурмухамедовдун айтымында, учурда спортчулар жумасына үч жолу машыгып жатышат. Бара-бара машыгуу күнүнө болуп турат.

Катышуучуларды каттоо 17-февралда башталып, kazan2015.com сайтында жүрүүдө. Каттоо 15-июнда токтотулат. Акыркы маалыматтар боюнча учурда FINA GMS системасында 42 өлкөдөн 531 анкета катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0