Кыргызстандын футболчулары Испаниянын командасы менен ойнойт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самат Суймалиев машыктырган Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы "А" тобуна кирген Испаниянын, Тажикстандын жана Казакстандын командалары менен ойнойт.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы испаниялыктар менен ойной турганын КР футбол федерациясы билдирди.

Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча кыз-келиндер командасы Бахрейнде жеңилип калды
Казакстандын президентинин эл аралык кубогу үчүн оюндардын календары жана командалар аныкталды. Кубокко 1999-жылга чейин төрөлгөн оюнчулар катышат.

Самат Суймалиев жетектеген Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы "А" тобуна кирген Испаниянын, Тажикстандын жана Казакстандын командалары менен ойнойт. "В" тобунда Россиянын, Белоруссиянын, Азербайжандын жана Грузиянын командалары күч сынашат. Оюндар Астана шаарындагы "Астана-Арена" стадионунда өтөт.

Кыргызстандын курама командасы төмөнкү күндөрү ойнойт: 

  • 22-июнь — 19:00 Казакстан – Кыргызстан.
  • 23-июнь — 16:00 Тажикстан – Кыргызстан.
  • 25-июнь — 16:00 Испания – Кыргызстан

Ал эми 26-июнда финалдык оюндар өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0