Спорттун заманбап беш түрү боюнча КРдин курамасы Азия чемпионатына катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСпорттун заманбап беш түрүнүн бири. Архив
Спорттун заманбап беш түрүнүн бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мелдеш 29-майдан 7-июнга чейин Пекин шаарында (Кытай) өтөт.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Спорттун заманбап беш түрү боюнча КРдин курамасы Азия чемпионатына катыша турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди. 

Волейбол боюнча КРдин курама командасы биринчи жолу Азия чемпинатына катышат
Аталган мелдеш 29-майдан 7-июнга чейин Пекин шаарында (Кытай) өтөт.

Спортчулардын бул чемпионатка катышуусу үчүн Олимпиадалык даярдануу борборунан 796 миң сом каралган.

Жалпысынан башкы машыктыруусу Виктор Мальцевдин жетекчилиги алдында тогуз спортчу катышат.

Буга чейин курама команда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында даярдыктарды көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0