Жалал-Абадда жол кырсыгынан каза болгон журналисттин элесине арналган турнир өтүп жатат

Жазылуу
Ош жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан телерадиокомпаниялар ортосунда мындан эки жыл мурда каза болгон журналисттин атындагы футбол боюнча мелдеш башталып, ага сегиз команда катышууда.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 23-май күнү мындан эки жыл мурда иштеп жүрүп каза болгон ЖТРК журналисти Жазгүл Каракозиеванын элесине арналган футзал боюнча турнир башталды. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына аталган каналдын башкы режиссеру Мажит Садиров билдирди. 

КРдин футбол боюнча кыз-келиндер командасы Бахрейнде жолдоштук матч өткөрөт
Турнирге Ош шаарынан төрт, Жалал-Абад шаарынан төрт команда катышат. Оштон ЭлТР, Башат, Ынтымак, КТРдин, ал эми Жалал-Абад шаарынан 7-каналдын, Сентябрь, ЖТРК журналисттери жана Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын командасы ойнойт.

Жазгүл Каракозиеванын элесине арналган футзал боюнча турнир журналист каза болгондон тарта жыл сайын өткөрүлүп келет.

Турнирде үч байгелүү орундар аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана кубоктор каралган.

2013-жылдын 9-май күнү Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын кабарчысы Жазгүл Каракозиева Ноокен районунан Жеңишке арналган эстелик боюнча иш-чараны тартып келе жатып, жол кырсыгынан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0