КРдин атлети Street workout боюнча Европанын Кубогу үчүн күрөшөт

© Федерация Street workout в КыргызстанеКыргызстандын Street workout федерациясынын спортсмендери. Архив
Кыргызстандын Street workout федерациясынын спортсмендери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атынан мелдеште спортчу Камил Мырзабеков чыгат. Таймашта Freestyle, турникке тартынуу жана 46 килограммдык салмак менен бруста өйдө-ылдый көнүгүү жасоо сыяктуу түрлөр боюнча ат салышат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Street workout боюнча Европанын Кубогу үчүн күрөшө турганын Sputnik кабарчысына аталган спорттун түрү боюнча КРдин федерация башчысы Тамерлан Богатырев билдирди. 

Мушкердин кол капы.Архив - Sputnik Кыргызстан
Кикбоксинг боюнча өлкө чемпионаты Бишкекте өтөт
Анын айтымында, Европанын Кубогу 14-20-июнда Сербияда өтөт. Башында ага Европанын спортчулары катышчу. Катышууну каалоочулардын көптүгүнөн уюштуруучулар башка өлкөлөрдөн да атлеттерди чакыра башташкан. Быйылкы таймашта 50дөн ашык өлкө катышары пландалууда.

Кыргызстандын атынан мелдеште атлет Камил Мырзабеков чыгат. Таймашта Freestyle, турникке тартынуу жана 46 килограммдык салмак менен бруста өйдө-ылдый көнүгүү жасоо сыяктуу түрлөр боюнча ат салышат. Ошондой эле 24 килограмм салмактагы турникте тартылуу да белгиленген. 

Богатырев өзү жети адамдан турган калыстар коллегиясына кирет.

Street workout — таза абадагы эң кеңири тараган жана жеткиликтүү спорт түрлөрүнүн бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0