Футбол боюнча КРдин курамасы Кувейттин командасы менен тең чыкты

© Фото / пресс-служба Федерации футбола КРФутбол боюнча Кыргызстандын курамасы.
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын батыл аракеттерине карабай оюн тең чыгуу менен аяктады. Эки команданын тең гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы (U23) Кувейттин командасы менен болгон оюнда тең чыкканын КРдин футбол федерациясы билдирди.

Командалардын беттеши 16-майда Аль Айн шаарындагы (Бириккен Араб Эмирлиги) "Al Qattara" стадионунда 2016-жылы боло турчу Азия Чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандыктардын батыл аракеттерине карабай оюн тең чыгуу менен аяктады. Эки команданын тең гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

"Кыргызстандын футбол коомчулугунун атынан, бизди колдоо үчүн келген бардык мекендештерге ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө "Kyrgyz club in UAE" бирикмесинин лидери Марс Орозовго ыраазычылык айтабыз", — деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Азия Чемпионатынын тандоо турлары футбол боюнча олимпиадалык курама командалардын ортосунда 16-майдан 20-майга чейин өтөт. Кыргызстандык команданын атаандаштары – Кувейт, Иордания жана Пакистан мамлекеттеринин курама командалары.

Кыргызстандын курама тобунун футбол боюнча дүйнө чемпионатына карай жолун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>>

Жаңылыктар түрмөгү
0