Чемпиондор лигасынын финалында "Ювентус" менен "Барселона" ойнойт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Реал" ФК оюнчусу Серхио Рамос. Архив
Реал ФК оюнчусу Серхио Рамос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү кечинде Мадриддеги "Сантьяго Бернабеу" стадионунда "Реал" менен "Ювентус" командалары ойноп, Криштиано Роналдо менен Альваро Мората бирден гол киргизди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Италиянын "Ювентус" командасы менен Испаниянын "Реал" командалары ойноп, мелдеш тең чыгуу менен аяктады, бирок, италиянын командасы Чемпиондор лигасынын финалдык оюнуна чыкты.

"Барселона" Чемпиондор лигасынын финалына чыкты
Шаршемби күнү кечинде Мадриддеги "Сантьяго Бернабеу" стадионунда "Реал" менен "Ювентус" командалары ойноп, Криштиано Роналдо 23-мүнөттө айып тобун тээп, эсепти ачты. Ал эми 57-мүнөттө Альваро Мората да бир гол киргизди.

Өткөн жумада командалардын Турин шаарындагы биринчи беттеши болуп, оюн 2:1 эсебинде италиялык команданын пайдасына чечилген. Эки оюндун жыйынтыгы менен "Ювентус" 3:2 эсебинде алдыга чыгып, финалга жолдомо алды.

Берлин шаарындагы "Олимпик штадион" стадионунда 6-июнда боло турган Чемпиондор лигасынын финалында "Ювентус" менен "Барселона" ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0