Футбол боюнча КРдин курама командасынын талисманына конкурс жарыяланды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. Архивное фото
Футбол. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул конкурска ар бир каалоочу катыша алат. Ал үчүн 2015-жылдын 4-майына чейин талисмандын сүрөтүн федерациянын электрондук дарегине жиберүү керек.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ар бир жараны Футбол боюнча улуттук команданын талисманын сунуштай ала тургандыгын федерациядан билдиришти.

Футбол боюнча улуттук команданын талисманын түзүүгө расмий түрдө конкурс жарыяланды. Ал талисман команданын бардык оюндарында коштоп жүрмөкчү.

Бул конкурска ар бир каалоочу катыша алат. Ал үчүн 2015-жылдын 4-майына чейин талисмандын сүрөтүн федерациянын press@ffkr.kg электрондук дарегине "Талисман" деген ат менен жиберүү керек. Каалоочулардын жиберген эмгегине чектөө коюлбайт. 

Сунуштала турган талисман кыргыздардын маданиятына туура келип, ар бир жаран, улут жана кесип ээлери үчүн түшүнүктүү болууга тийиш. Авторлор өз иштерин түстүү же, кара ак түрүндө жиберсе болот. Ошондой эле, компьютерде жасалган графикалык иштер да кабыл алынат.

Конкурстун жеңүүчүсү 4-майда аныкталат. Талисмандын автору улуттук кураманын атайын белеги менен сыйланып, аты аталат.

Конкурстун шарттары:

 

  • Талисманда улуттук команданын түсү болгон ак-көгүлтүр өң булушу керек.
  • Учурда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын символу болуп ак шумкар эсептелет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0