02:51 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
53 0 0

Чемпиондук наам үчүн Бишкектен барган жана Москвада жашап жаткан кыргызстандыктар күч сынашты.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер мушташ боюнча Москвада өткөн дүйнөлүк чемпионатта жети медаль утушканын "Россия для всех" сайты маалымдады.

Өткөн жумада Россиянын борборунда үчүнчү дүйнөлүк чемпионат өтүп, ага 40тан ашык мамлекеттен келген спортчулар катышкан.

Чемпиондук наам үчүн Бишкектен барган жана Москвада жашап жаткан кыргызстандыктар күч сынашты. Ошондой эле чемпионатка кыздар да катышты.

Кыздар арасында алтын медалды Альбина Мамбетова ээлесе, Айсалкын Жаңыбаева, Назира Алымбекова жана Фарида Пунова коло байгеге ээ болушту.

Москвалык Кубанычбек Токторалиев күмүш медалды жеңип алса, Эсентур Анарбеков менен Иван Винятский коло медаль тагынышты.

Токторалиевдин машыктыруучусу Нургазы Амиркулов белгилегендей, кыргызстандык мушкерлер үчүн бул канааттандарырарлык жыйынтык.

Белгилер:
мушташ, чемпионат, спорт, Нургазы Амиркулов, Иван Винятский, Эсентур Анарбеков, Кубанычбек Токторалиев, Фарида Пунова, Назира Алымбекова, Айсалкын Жаныбекова, Альбина Мамбетова, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ