03:33 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Футбол топтору. Архив

Футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру Бириккен Араб эмирлигинде өтөт

© Sputnik / Александр Вильф
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2810

Футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо турун Пакистанда өткөрүү пландалган, бирок Йоханабад аймагындагы чыр-чатактардан улам, оюндарды өткөрүү Бириккен Араб эмирлигине которулду.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру Бириккен Араб эмирлигинде өтө турганын Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Башында матчты 23-31-март күндөрү Пакистандын Лахор шаарында пландалган. Бирок оюндар өтө турган Лахор шаарына жакын жайгашкан Йоханабаддагы чыр-чатактардан улам, Футбол боюнча Азиянын конфедерациясы коопсуздукмаксатында оюндарды Бириккен араб эмирлигинде өткөрүү чечимин кабыл алды.

Тандоо оюндары 16-24 майда Аль-Айн шаарында өтөт. Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун оюнчулары "B" тобунда ойноп, Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистандын командалары менен беттешет.

Тема боюнча

Кыргызстандын жаш футболчулары Японияга 0:7 эсебинде утулду
Бишкекте футбол турнири шаардык кеңештердин командалары арасында өтөт
Белгилер:
Спорт, Футбол, Футбол боюнча Азия чемпионаты, Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ