Апрелде балдар атка мингенди акысыз үйрөнө алышат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАт спорту. Архив
Ат спорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка мингенди үйрөтүү боюнча бекер сабактар Кыргызстанда апрель окуяларынын беш жылдыгына жана Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 6-7-апрелде балдар атка мингенди бекер үйрөнө алышат деп билдирди Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы.

Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалы
Сабактар 2010-жылдагы апрель окуяларынын беш жылдыгына жана өлкөдө Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналат.

Спорттук иш-чаралар Ат спорту жана заманбап беш түрлүү көнүгүүлөр спорту боюнча өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдер республикалык адистештирилген мектебинде 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр үчүн өтөт. Окуулардын убактысы: 10.00 — 12.00 жана 14.00 — 17.00.

20150-жылдын январь айынын башында мектеп окуучулары үчүн ушундай эле акция сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу максатында өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0