Кыргызстан ФИФА рейтингинде бир позицияга көтөрүлдү

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын февралдагы рейтингинде 209 мамлекеттин ичинен 152-орунга чыкты.

БИШКЕК, 13-фев — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФА рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү деп билдирди Футбол федерациясы. 

2015-жылдын январында КР командасы, 2014-жылдын декабрындагыдай эле 152-орунду ээлеп турган. 

Тизмени мурагыдай эле былтыркы жылдын чемпиондору – Германия курама командасы жетектеп турат. Экинчи орунда – Аргентина, үчүнчү орунда Колумбия. Андан кийин куйрук улай, Бельгия, Нидерланддар, Бразилия, Португалия, Франция, Уругвай келе жатат. Ондукта Испаниянын курама командасынын күчтүү футболчулары да бар. 

Кыргызстан Азиялык конфедерациянын рейтингинде 46 мамлекеттин ичинен 26-орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0