"Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын кубогунан чыгып калды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутбол. Лига чемпионов. Матч ЦСКА - "Манчестер Сити"
Футбол. Лига чемпионов. Матч ЦСКА - Манчестер Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик "Дордой" клубу Түркмөнстандын "Ахал" командасына утулуп, Азия футбол конфедерациясынын кубогунан четтетилди.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. "Дордой" футбол клубунун оюнчулары түркмөнстандык "Ахал" командасына 0:1 эсебинде утулуп калганын Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Беттеш Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн.

Оюндун эсебин "Ахалдын" оюнчусу Алтынмурад Аннадурдыев ачып, сегизинчи мүнөттө гол киргизген.

Ошентип, "Дордой" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогунан четтетилди. Түркмөнстандын командасы эми 17-февралда Омандын "Фанджой" командасы менен ойнойт.

"Дордой" өлкөнүн чемпионатын утуп, Улуттук кубокко ээ болгондон кийин Азия футбол конфедерациясынын кубогуна катышуу укугун алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0