КРде кышкы спорттун түрлөрү: өнүгүшү жана келечеги

© Сергей Ершов, Кыргызстан"Каракол" лыжа базасы. Архив.
Каракол лыжа базасы. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин (ДТжСМА) маалымат катчысы Нурдин Султамбаев кышкы спорттун популярдуу түрү деп хоккейди, лыжа жана сноуборд тебүүнү атады.

БИШКЕК, 8-фев — Sputnik. Кыргызстанда кышкы спортту сүйүүчүлөр баарынан хоккейди, лыжаны жана сноубордду жактырышат.

Россияда 7-февралда кышкы спорт күнү белгиленет. Бул спорттун түрлөрү КРде канчалык өнүккөн жана кышкы спортту сүйүүчүлөрдүн өсүшү кандай деген суроолор боюнча Sputnik кабарчысына Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин (ДТжСМА) маалымат катчысы Нурдин Султамбаев айтып берди.

Кышкы спорт түрлөрүнүн өнүгүшү

Лыжная база ЗИЛ - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кышында лыжа тебүүгө ыңгайлуу
Тоодо лыжа тебүүчү базалардын өнүгүшү менен акыркы төрт жылда лыжа спорту бир топ алдыга жыла баштады. Ошондой эле сноуборд тебүүнүн да өрчүшүнө, айрыкча жаштар арасында жакшы түрткү берилди. Ал спорттун бардык кышкы түрлөрүнүн ичинен эң тез өсүп келе жатканы болуп эсептелет.

Маалымат катчысынын айтымында, бүгүнкү күндө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтарында кышкы спорт түрлөрүнүн өнүгүшү ар бир областтын өзгөчөлүгүн эске алганда, бир топ жогору.

"Биз балдар арысында хоккей тез өсүп бара жатканын байкоодобуз, себеби оюн үчүн шарттар пайда болду. Мурда табигый муз аянтчалары пайдаланылчу. Башкача айтканда, көл же кичинекей көлмө тоңуп калса, ошого барып эл муз тебе турган. Бирок акыркы жылдары айрымдар спорттун бул түрүн өз ишмердигине айлантып, киреше да ала баштаганын көрүп жатабыз. Башкача айтканда, күз келгенде бир адам атайын аянтчаны даярдап, кол менен суу куюп, муз тоңдуруп, анан борбордон коньки алып келип аларды каалоочуларга убактылуу пайдаланганга берет. Нарында Жумгал, Нарын, Ак-Тала жана Ат-Башы райондорунун ар бир айылында ушундай иш-аракет жүрүп жатат десе болот", — деп айтып берди Султамбаев.

Андан тышкары, айыл жерлеринде ата-энелер да өз балдарына коньки көп сатып бере башташты дейт ал. Себеби көчө хоккейи үчүн керектүү шаймандар (атайын таяк, шайба, калканыч каражаттар) азыр анча кымбат эмес.

Ата мекендик спортчуларды колдоо

Биз кышкы спорттун эл арасында популярдуу түрлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз деп белгиледи маалымат катчысы. Мамлекеттик агенттиктин эсебинен каржыланган акыркы иш-чаралардын бири болуп хоккей боюнча балдар курама тобунун Сочиде өткөн "Хоккей жомогу" балдардын Евразия кубогуна барышы эсептелет.

"Алар атаандаштардын деңгээлдерин көрүштү, өзүлөрү таймашка катышты. Менимче, мунун оң натыйжалары көп, себеби бул башка спорт сүйүүчүлөрүнүн да кызыгуусун жаратат эмеспи. Мындан тышкары, өткөн жылдын аягында Бишкекте шайба менен хоккей оюну боюнча Азия сынагынын Кубогу болду. Ал эми 2013-жылы биздин курама топ чет мамлекетке турнирлерге катышууга чыгып, байгелүү орундарды ээлешкен. Мунун баары тең эң жакшы натыйжаларды берүүдө", — деп белгиледи Султамбаев. 

ДТжСМ өкүлү хоккей борбор калаада да активдүү өнүгүп жатат деп ишендирди. Тоодо лыжа тебүү боюнча ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, спорт багытындагы таймаштар өткөрүлүүдө. Ошондой эле анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда биатлон да өрчүй баштады. Баса, Бишкекте январдын аягында спорттун аталган түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөн.

Спорт үй-бүлөлүк көңүл ачуунун түрү катары

Республикада тоодо лыжа тебүүнү популярдуу экендигин да белгиледи Султамбаев. Өткөн жылы Ысык-Көл областындагы лыжа тебүүчү база КМШ өлкөлөрүнүн арасында туризм жана туристтердин саны боюнча биринчи орунду ээлеген. 

"Бүгүнкү күндө биздин жарандар муз, лыжа тепкилери келет. Эгер мурда спорттун кышкы түрлөрү эл үчүн көңүл ачуу гана болуп келсе, азыр спорттун бул түрү үй-бүлөлүк болуп баратат. Адамдар үй-бүлөлөрү менен бара баштады. Бул айрыкча борбор калаада көп байкалат", — дейт маалымат катчы.

Спорттун кышкы түрлөрүн андан ары өрчүтүү пландары 

Мамлекеттик агенттиктин өкүлү спорттун кышкы түрлөрү боюнча дүйнөлүк деңгээлде жетишкендиктер менен азырынча мактана албастыгыбызды, бирок тоодон лыжа тебүү боюнча биздин курама топ январь айында Европанын бир нече турнирлерине катышууга жетишкенин билдирди. Үстүдөгү жылдын апрелинде Кувейтте хоккей боюнча Азия сынагынын ар жылкы Кубогу өтөт. Кыргызстан да бул таймашка өз курама тобун жөнөтмөкчү.

Ысык-Көлдөгү лыжа сезонунун алгачкы күнү
Келечекте спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү боюнча балдардын жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебин ачуу пландалып жатат. Спорттун негизги түрлөрүнөн(хоккей, лыжа жана сноуборд тебүү) сырткары, өлкдө фигуралык муз тебүү да акырындап өрчүп келе жатат деген ишеничте ведомство.

Жалпысынан спорттун кышкы түрлөрү менен орто курактагылар менен жаштар алектенет. Эске ала турган нерсе, тоодон лыжа тебүү денени кокустатып алуу жагынан көбүрөөк кооптуу келет, ошондуктан лыжага туруп, тэп кетүү үчүн атайын даярдык керек. 

Агенттиктин маалыматына караганда, азыркы учурда балдар хоккейи активдүү өнүгүүдө. Бирок стандарттуу муз тебүүчү жайлардын айыл жерлеринде жоктугун эске алганда, ал негизинен көчө хоккейи болуп эсептелет.

Тоо лыжа базалары жөнүндө маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз >>

Жаңылыктар түрмөгү
0