Бокс боюнча эл аралык турнирде КР беш алтын медаль утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу памяти Героя Советского Союза Дуйшенкула Шопокова
Международный турнир по боксу памяти Героя Советского Союза Дуйшенкула Шопокова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык боксёрлор Советтер Союзунун баатыр Дүйшөнкүл Шопоковдун эстелигине арналган эл аралык турнирде беш алтын медалга татыктуу болушту.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. Бокс боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын боксёрлору беш алтын медаль утуп алды

Турнир 28-январдан 1-февралга чейин өттү. Бардыгы болуп анда Кыргызстандын кошкондо 10 өлкөнүн спортчулары катышты.

Белгилей турган нерсе, бокс боюнча турнирлердин регламентине ылайык, үчүнчү орун жарым финалда утулуп калган эки боксёрго ыйгарылат.

Жеңүүчүлөр менен байге ээлеринин тизмеси 

Чемпиондук үчүн болгон беттеш. Бокс боюнча эл аралык турнирдин финалдык оюну
49 килограммга чейинки категорияда биринчи орунду Рахманкул Аватов (Кыргызстан), экинчи орунду Турат Осмонов (Кыргызстан), үчүнчү орунду Туркбай уулу Мирлан (Кыргызстан) жана Муротжан Расулов (Тажикстан) ээледи.

52 килограммга чейинки категорияда биринчи орунду Жаныбек Мусаев (Кыргызстан), экинчи орунду Өзбекстандан Аброр Кодиров, ал эми үчүнчү орунду кыргызстандыктар Азамат Исакулов жана Абдувахоб уулу Канатбек алды.

56 килограммга чейинки категорияда биринчи орунга таиланддык Танес Онгжунта, экинчи орунга Кангжиан Лу (Кытай), үчүнчү орунга Якуб Мередов (Түркменстан) жана Бек Камчыбеков (Кыргызстан) татыды.

60 килограммга чейинки категорияда биринчи орунду кыргызстандык Медер Мамакеев, экинчи орунду Акжол Сулайманбек уулу (Кыргызстан), үчүнчү орунду Россиядан Узлян Тигран жана Казакстандан Еркегали Назаралиев ээледи.

64 килограммга чейинки категорияда биринчи орун кыргызстандык Эрмек Сакеновго, экинчиси россиялык Сергей Лизуненкого, үчүнчү орун болсо РФтен Рабадан Исмаилов менен Дмитрий Юнга тийди.

69 килограммга чейинки категорияда биринчи орун өзбекстандык Махмуд Гаиповго, экинчи орун Монхерердене Уранчимегге (Монголия), үчүнчү орун кыргызстандык Ильяс Муканбетов менен Эркин Болотбек уулуна ыйгарылды.

75 килограммга чейинки категорияда биринчи орунду казакстандык Нурсултан Жанабаев, экинчи орунду да казакстандык Ерик Альжанов, ал эми үчүнчү орунду Арслан Ачипов (Түркмөнстан) жана Ильяз Акматалиев (Кыргызстан) ээледи.

81 килограммга чейинки категорияда биринчи орунга россиялык Георгий Кушиташвили, экинчи орунга Али Ахмедов Казакстандан жана үчүнчү орунга Эркин Адылбек уулу (Кыргызстан) менен Рамазан Таукел (Казакстан) татыктуу болду.

91 килограммга чейинки категорияда биринчи орун Чингис Борбашевге (Кыргызстан), экинчи орун Сергей Паренкого (Кыргызстан), үчүнчү орун өзбекстандык Сардор Бегалиевге жана казакстандык Нурлан Нурсеитовго тийди.

91 килограммдан жогорку салмактагы категорияда биринчи орунду өзбекстандык Баходыр Жаполов, экинчини Ярослав Дорончиев (Россия), үчүнчү орунду кыргызстандык Шермухаммад Хакимов менен казакстандык Нурсултан Аманжолов утуп алды.

Андан тышкары, турнирдин мыкты боксёру деп кыргызстандык Эрмек Сакенов, мыкты судья деп Нурбек Батыров, ал эми турнирдин мыкты машыктыруучусу деп Кыргызстандан Акжол Ажыбеков таанылды.

Турнирди уюштурууга Мамлекеттик агенттик тарабынан 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. Каражат спортчулар менен алардын машыктыруучуларынын турак-жайына, тамак-ашына жумшалды. Мелдешти 34 судья тейледи, анын ичинде из них судьи международной категории эл аралык АИБА категориясындагы 19 судья, улуттук категориядагы 14 судья жана биринчи категориядагы бир судья болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0