Кыргызстанда спорттук телеканал ачылат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрхив: футбол.
Архив: футбол. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканалды түптөөчүлөр бул кадам менен өлкөдөгү спорттун өнүгүүсүнө салымын кошууга ниеттенүүдө.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү, 24-январда Кыргызстанда КТРК Спорт телеканалы ачылат. Бул туурасында аталган телекорпорациянын маалымат кызматы билдирди. 

"Спорттук каналды ачуунун максаты – өлкөдөгү спорттун өнүгүүсүнө салымын кошуу. Спортко байланыштуу уюмдары менен тыгыз иштешип, улуттук спорт оюндарын жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу", — деп билдиришти коомдук телерадиоберүү корпорациясынын басма сөз кызматынан.

Мындан сырткары КТРК Спорт дүйнөлүк жана өлкөдө болуп жаткан Чемпионаттарды, Олимпиадаларды, спорт таймаштарды, КТРК тарабынан дайындалган спорттук программаларды спорт күйөрмандарына тартуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0