Спорт боюнча мамлекеттик агенттик 2015-жылга болгон планын тааныштырды

© Sputnik / Миранский / Медиабанкка өтүүУтренняя зарядка
Утренняя зарядка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, дене тарбия жана спорт программасын ишке ашыруу, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата спорттук иш-чараларды өткөрүү мамагенттиктин пландарында бар.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. КРдин Дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигинде коллегия болуп, анда мекеменин 2015-жылга карата иштеринин планы аныкталганын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын спорту 2014-жылы: алдыда умтула турган нерселер көп
Негизинен мамагенттиктин быйылкы ишмердиги Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашырууга багытталат. Быйыл өтө турчу спорттук иш-чаралардын ичинен Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурула тургандары арбын.

Быйылкы иш-чаралардын катарына: Кыргызстанда дене тарбия спорт кыймылынын уюшулганына 90 жылдыгы болот, ага президент катышат. Ошондой эле, укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлеринин күч даярдыгы боюнча инструкция иштеп чыгып, аны бекитүү каралган. 2015-жылы спортту жайылтуу максатында мамлекеттик 15 мекемеге дене тарбия көнүгүүлөрү сынамак долбоор катары киргизилет.

Ошондой эле, премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайындагы бассейндин метариалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана оңдоо үчүн инвестиция тартуу тапшырмасы коюлган. Учурда бул багытта иштер жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0